13-февралда Бишкек шаарынын Некрасов көчөсүнөн оор жүк ташуучу унаасы мене жүргүнчү ташуучу кичи автобус сүзүшүп, кырсыктан 4 жүргүнчү жаракат алды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кичи автобустагы жабыр тарткан жүргүнчүлөр аймактык ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочуларга соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалды. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.