Бишкекте акын Кыялбек Урманбетовдун чыгармачылык кечесинде күйөрмандар кайталангыс ыр дүйнөгө жетеленишти

Бүгүн, 28-мартта Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Кыялбек Урманбетовдун чыгармачылыгынын 45 жылдык мааракесине арналган “Ыр дүйнө” аталышындагы кече орун алды.

Концерттин жүрүшүндө акындын жүрөктөн чыккан чыгармалары оболоду. Аларды Кыргыз Эл артисттери Керим Турапов, Гүлнур Сатылганова, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Асылбек Өзүбеков, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, ырчылар Гүлнара Тойгонбаева, Султан Садыралиев, Гүлзинат Суранчиева, Гүлжигит Калыков, Иса Өмүркуловдор аткарышты.

Кыялбек мырзанын чыгармачылыгын баалап, чыгаан инсан катары сыйлап келишкен көрүүчүлөр автордун тарбиялык мааниси терең, философиялык ой-толгоого жетелеген кайталангыс кайрыктарына кулак төшөп, чыныгы ыр дүйнөгө жетеленишти.

Кечеде Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов, Адил Чекилов мындан 15 жыл мурун жаралып, азыркыга чейин жагымдуу чыгармалардын бири болгон “Ыр майрам” аттуу ырын аткарып беришти. Сахнадан алыстап кеткен Актан Исабаевди көрүүчүлөр өзгөчө жылуу тосуп алышты. “Энекем”, “Сүйүү зары” ырларын аткарып берген ырчы Кыялбек Урманбетов менен 20 жылдан бери иштешип келе жатканын билдирди.

Ал эми Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова репертуарындагы ырлардын көбү Кыялбек мырзанын калемине таандык экенин жана ал ырлар аны популярдуу кылганын белгилеп өттү. Эң биринчи жазып берген чыгармасы “Булуттар” аттуу ырын, жаштардын духун көтөргөн “Жалындат”, “Ак санат”, ойго салган “Асман”, “Угуп кой”, “Күттүрбөй кел” өӊдүү ырларын аткарып кечти шаңга бөлөдү.

Ырчы Султан Садыралиев “Кыргыз бийи” ырын аткарып чыкканда 3 жаштагы кичинекей кыз бийлеп коштоп турду. Мотурайган бөбөктүн бийине күбө болгондор кыйкырып, кол чаап колдоп турушту. Ал эми Гүлнур Сатылганова, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов кыргыз жерин даңктаган чыгарманы биргеликте аткарып кечени жыйынтыктап беришти.


кошулду
Кыялбек Урманбетовдун мааракесинде "Кара жорго" бийлеген кыз кечеге көрк кошту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Maksat81
2015-03-29 03:22:46
Чыгармачылык ийгилик!
0
make2
2015-03-29 18:35:09
Гүлнур эже машина белек кылсада жарашмак
0
bekos2012
2015-03-30 09:24:26
Формасы кантет Гулнур эженин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан