Кара-Көл шаарынын тургундары баңгизат менен кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-март күнү саат 15:30 чамасында Кара-Көл шаарында 1987-жылы туулган М.Т., 1985-жылы туулган М.Ж., 1984-жылы туулган А.М., 1991-жылы туулган С.Т. жана 1991-жылы туулган Н.Б. кармалган. Алардын жашаган жерин текшерүү учурунда 400 грамм баңгизат табылган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.