Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековго кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Максат Жээнбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Шаардык прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда экс-мэр 2010-жылдын 30-октябрында жеке турак жай курууга жер аянты жок болсо дагы, мэриянын кызматкерлерин шаардык жана облустук ИИБнин 28 кызматкерине жер тилкесин бөлүп берүүгө мажбурлагандыгы билинген. Аталган жерлерге тиешелүү документке өзү кол коюп, 2010-жылы 1-ноябрда милиция кызматкерлеринин майрамында салтанаттуу түрдө тапшырган. Бирок милиция кызматкерлери керектүү документтерди толтуруу учурунда аларга убада кылынган жер тилкеси мурда башка бирөөлөргө берилип кетип, жеке менчикте экендигине күбө болушкан. Учурда Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирет Башкы прокуратура.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан