Диний кырдаал боюнча уруксаты жок маалымат чогулткан АКШнын жараны өлкөдөн чыгарылат

Ош шаардык соту диний кырдаал боюнча уруксаты жок маалымат чогулткан АКШнын жаранын өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-март күнү Ошто АКШнын Умар Фарук аттуу жараны кармалган. Анын жанынан "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун лидерине жана уюмдун мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши боюнча документтердин көчүрмөлөрү табылган. Ошондой эле кармалган жаран тийиштүү уруксаты жок Ош облусундагы диний кырдаал боюнча маалыматтарды чогултуу менен алектенген. Документтердин көчүрмөлөрүн ал "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинин юристи, КРнын В.А.Вахитов аттуу жаранынан алганын билдирген. 

Учурда ал жаран АКШнын кыргыз жериндеги элчилигине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oskaridze
2015-03-31 00:36:55
аны орустарга откузуп бериш керек еле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан