"Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун кызматкерлеринин иштеген жеринин тинтүүгө алынышы мыйзамдуу. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-март күнү Ош шаарында АКШнын Умар Фарук аттуу жараны кармалган. Анын жанынан "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун лидерине жана уюмдун мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши боюнча документтердин көчүрмөлөрү табылып, тийиштүү уруксаты жок Ош облусундагы диний кырдаал боюнча маалыматтарды чогултуу менен алектенгени аныкталган. Документтердин көчүрмөлөрүн ал "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинин юристи, КРнын В.А.Вахитов аттуу жаранынан алганын билдирген. Мындан улам Ош шаардык сотунун чечими менен 27-март күнү В.А.Вахитов жана Х.К.Салиевдин иштеген жана жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын негизинде диний мүнөздү камтыган DVD-дисктер, флешка, баракчалар табылган. Учурда алынган материалдар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү.