Өткөн аптада "Бишкектеги Петербург жолугушуулары" аталышындагы маданий программанын алкагында бир катар иш-чаралар болду. Бул тууралуу 30-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз-Орус Славян университетинде орун алган саамалыкта катышуучулар борбор калаадагы жана Санкт-Петербургдан келген фольклордук ансамблдердин концерттик программасына күбө болушту. Иш-чаранын алкагында орусиялык сүрөтчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлуп, сүрөттөр Бишкек шаарына тапшырылды.
Театр сүйүүчүлөрү үчүн Санкт-Петербургдагы драма театрдын артисттери Ф.М.Достоевскийдин чыгармасынын негизинде спектакль коюшту. Ошондой эле каалоочулар үчүн театрдын өнөрпоздору мастер-класс өтүштү.