Жылнаама, 31-март: Мындан 57 жыл мурун мурдагы ички иштер министри, Апрель окуясында митингчилер тарабынан сабалган Молдомуса Конгантиев туулган

* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы КРнын мурдагы Ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев Жалал-Абад облусунун Майлы-Сай айылында туулган. “Жоогазын революциясынан” кийин, 2005-жылы М.Конгантиев Бишкек ШИИБинин башчысы болуп дайындалган. Ал бул кызматында 2008-жылдын январь айына чейин иштеген. Мындан кийин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри болуп бекиген. 2010-жылдын 6-апрелинде оппозициячылардын митинги өтүп жаткан Талас шаарына барып, 7-апрелге караган түнү оппозициячылар тарабынан барымтага алынып, катуу сабалган. Бир канча күндөн кийин аялы аны 40 000 долларга оппозициячылардан сатып алып, Казакстанга багыт алган. 26-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинген. 
* Мындан 126 жыл мурун, 1889-жылы Франциянын сыймыгы эсептелген Эйфель мунарасы салтанат менен ачылган. Мунаранын конструктору Гюстав Эйфель темирден курулган мунаранын чокусуна жөө чыгып, Франциянын туусун орноткон. 
"Эйфель" деген аталышы көрүнүктүү жана кайталангыс инженер, анын түзүүчүсү Александр Гюстав Эйфелдин ысымынан коюлган. XIX кылымдын 80-жылдарынын аягында Франция борбор шаары Парижде Франциядагы революциянын 100 жылдык мааракесине карата Бүткүл дүйнөлүк өндүрүштүк көргөзмөнү өткөрүүгө даярданат. Мунаранын курулушу 1887-жылы 27-январда башталып, ал катуу ылдамдык менен жүрүп турат. 1887-жылдын 7-декабрына чейин 57 метр болгон мунаранын 1-кабаты гана бүткөрүлсө, 1888-жылдын 14-августуна карата 115 метр бийиктикте жайгашкан 2-кабатынын курулушу, 1889-жылдын 31-мартында бийиктиги 300 метрди түзгөн гигант курулуш аяктаган. 
Радионун өнүгүшүнө да бул мунара чоң роль ойногон. Ушул жерден француз инженери Эжен Дюкрете аркылуу биринчи радиобайланыштар сеансы ишке ашкан. 1906-жылы туруктуу радиостанция негизделген. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Эйфель мунарасы душмандардын радиоберүүлөрүн кармап калууда олуттуу мааниге ээ болгон. 
Гюстав Эйфель 1923-жылдын аягында каза болгон. Анын көзү өткөндөн кийин 2 жылдан соң мунарадан телекөрсөтүүлөрдү жиберүүнүн аракеттери болот. Андан 10 жыл өткөндө, 1935-жылы ушул эле жерден регулярдуу телекөрсөтүүлөр бериле баштайт.
* Мындан 41 жыл мурун, 1974-жылы орусиялык ырчы Натали Орусиянын Нижегородск облусунун Дзержинск шаарында төрөлгөн. Толук аты-жөнү – Наталья Анатольевна Миняева (Рудина). Репертуарындагы ырлары: "Деңизден соккон жел", "Алгачкы сүйүү", "Сүйүп калба", "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" жана башкалар. 
 
* Мындан 288 жыл мурун, 1727-жылы англиялык физик Исаак Ньютон көз жумган. 
Ал 1642-жылы 25-декабрда Улуу Британияда туулган. Анын атасы Улуу Британиянын бөлүгү - Англиянын Линколншир жергесиндеги Вулсторп кыштагында өзүнө тың, орто чарба дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы ал төрөлө электе көз жумган. Ымыркайга Исаак деп атасынын ысымын коюшкан. Исаак Ньютон ымыркай кезинде оорулуу болуп өскөн, бирок узак жашап, 84кө чыгып дүйнөдөн өткөн. 
Исаак Ньютон – британдык атактуу физик, математик жана астроном, физика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын “Табигый философиянын математикалык башаттары” аттуу фундаменталдык эмгегинде дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон дифференциялык жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан.
31-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhykyo
2015-03-30 20:06:27
Жаман сабаган Конгантиевти
+1
youngyoung
2015-03-30 20:57:44
(Апрель окуясында митингчилер тарабынан сабалган Молдомуса Конгантиев туулган...) ОО кудаай, мурдагы ичеи иштер министри деген соз эле жетиштуу болот го ХХХ ХХХ ХХХ...
-2
admin_portal
2015-03-31 09:06:28
youngyoung - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
teo
2015-03-30 21:13:57
Бизделее Аксыда таластык ментии сабаганбыз
-6
Bekzamann
2015-03-30 21:19:49
Ошондо сабагандарды айбандар десекда кем... Адам эмес алар..40 000 долларды кайсы беттери м.н алышты экен...?
-2
danyshman
2015-03-30 21:19:49
Молдомуса Конгантиевди сабагандардын бироосу жанакы Ташчайнар деген палван да,жанына туруп алып Бакиев де Бакиев де деген.
0
aitenir
2015-03-30 22:10:13
danyshman, Таласта болду белен 6 апрельде Теледен не деп суйлоп жатты эле конго
+1
Akmosha
2015-03-30 22:10:53
Сабагандар туура эмес кылышкан.
+1
modem4999
2015-03-30 22:34:19
Сабоо жеген учун тарыхта калып атат да болбосо канча выпший министр МВД нын туулган куну отуп атат
0
nurik2103
2015-03-30 23:21:12
Мындайча айтканда сабалганы менен аты чыгыптырда е
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан