Жалал-Абад облусунда жер көчкү түшүп, турак жайларга кооптуу абал жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-март күнү Кызыл-Суу айылынын Ичке-Сай тилкесинде көлөмү болжол менен 10 000 метр куб болгон жер көчкү түшүп, Күнгөй айылынан Тескей айылына баруучу ички чарбалык жолду тосуп калган. Ошондой эле жер көчкү жүргөн жерде 10 үй-бүлөнүн турак жайына кооптуу абал жаралган. Мындан улам бул турак жайлардын жашоочуларына коопсуз жерге көчүп кетүү боюнча эскертүү берилди.