Чүй облусунун Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан Кара-Балта шаарынын тургуну мурда уурулук жана каракчылык боюнча 2 жолу соттолгон 17 жаштагы жашы жете элек бала кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган бала көбүнчө мектеп окуучуларын талап тоноого алган. Учурда анын атына телефон уурдоо боюнча эки арыз келип түшкөнү айтылды. Айта кетсек, 17 жаштагы бала Панфилов районундагы Вознесеновка абагына киргизилип, ага карата Свердлов РИИБи Кылмыш кодексинин 167-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгону билдирилди. Соттун чечимине чейин ал абакта кармалмакчы.