Бишкекте коомдук унаадан уюлдук телефон уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 27 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 30-март күнү Киев-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинен коомдук унаадан белгисиз жаран анын 2700 сом акчасы менен капчыгын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 22 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда иликтөө жүрүүдө.