Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде “Эки кылымдын кезигүүсү” аталышындагы көргөзмө ачылды. Анда Памирде жашаган этникалык кыргыздардын жашоосун чагылдырган сүрөттөр орун алды. Көргөзмөнүн максаты - көрүүчүлөргө катаал турмушта күн кечирип келаткан боордош памирлик кыргыздардын жашоосун көрсөтүү. Иш-чара КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана өлкөнүн “Жаш толкун” жаштар бирикмеси тарабынан уюштурулду.
“Памирлик кыргыздар ал жактагы катаал аба ырайына байланышуу эрте картайышат. 25 жаштагы жигиттер 40-50 курактагы адамдай көрүнүшөт. Жеген тамактары эт, камыр. Коон, дарбыз сыяктуу мөмө-жемиштерди көрө элек балдар бар. Боордош туугандарыбызды кыргыз жерине көчүрүп келүү маселеси көтөрүлгөнү менен, оң жагына чечиле элек. Аларга 4 жолу экспедицияга барып, дары-дармек, кийим-кечектерди жеткиргенбиз. Дагы барып келүүнү пландап жатабыз, бирок каражат керек болгондуктан, демөөрчүлөрдү издеп жатабыз”,- дейт “Жаш толкун” жаштар бирикмесинин төрагасы Абсамат Телтаев.