Бүгүн, 31-мартта Жогорку Сот "Кудайберген" базарынын жетекчилигинен пара алгандыгы үчүн кармалган Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин кызматкери Нургалы Кудаяровдун иши боюнча өкүм чыгарды. Ага ылайык, Н.Кудаяров 5 жылга эркинен ажыратылды.
Айта кетсек, өткөн жылдын май айында "Кудайберген" базарынан чыгып келе жаткан Монополияга каршы агенттиктин кызматкери Нургалы Кудаяровдун башкаруусундагы мамлекеттик номери жок Мерседес унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анда аталган агенттиктин кызматкеринин жанынан атайын белги коюлган 300 миң сом табылган. Белгилүү болгондой, Н.Кудаяров базардын жетекчилигинен пара талап кылып, аталган акчаны алып кетип жаткан. Кармоо учурунда ал качууга аракет кылган.