Баткен облусунда адам уурдоо фактысына шектелгендер кармалышты

Баткен облусунда адам уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-март күнү милиция кызматкерлерине Миң-Чынар айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 18-март күнү саат 23:00 чамасында 1981-жылы туулган Шахаббас Арипов аттуу күйөөсүн белгисиз үч адам “укук коргоо органдарынан болобуз” дешип өз унаасына салып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Бужум айылынын 24 жаштагы тургуну Н.У., 21 жаштагы У.Ш. жана Баткен шаарында жайгашкан №2022-чек ара бөлүгүнүн 25 жаштагы М.Б. аттуу кызматкери кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө алар Шахаббас Ариповдун колун-бутун таңып, сабап, үйүнө “карызым бар эле, аны беришим керек” деп чалдыртышканы, кийин аны Кара-Бак айылындагы көчөлөрдүн бирине таштап, унаасын тартып алышып из жашырышканы белгилүү болгон.

Учурда “адам уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kazemir
2015-04-01 17:32:08
Ай тообоо кудай сактай кор,эмне болуп калышкан бул адамдар Кудайдан коркпогондор...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан