Нарын облусундагы Кочкор районунун Комсомол айылындагы С.Өмүрбаев атындагы орто мектептин 100 окуучуга ылайыкталган кошумча имараты ачылат. Иш-чара бүгүн, 15-февралда өтүп, ага өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбековдун катышуусу күтүлүүдө. Бул маалыматты өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Буга чейин аталган мектептин кошумча имараты ашар жолу менен курулуп, бирок жараксыз абалга келип калгандыктан, 2012-жылы 17 миллион сомго жаңы имарат курулган. Мектептин курулушуна кеткен каражат эл аралык уюмдар, айыл өкмөттөрү жана окуучулардын ата-энелери тарабынан чогултулган.