Баткен шаарынын түштүк-чыгышында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү 31-март күнү саат 16:06 чамасында болгон. Анын күчү 3 баллга жетип, очогу Коргон айылынан 20 чакырым чыгышта, ал эми Баткен шаарынан 55 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.