Чүй облусунда унаа уурдоого шектелген 3 бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга 24 жаштагы С.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 30-март күнү белгисиз адамдар Беловодск айылынан унаасын уурдап кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Л.В., 17 жаштагы Ю.В. жана 17 жаштагы Е.А. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.