Баткенде кыргыз жараны контрабандалык жүк менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыргыз жараны Баткен районунун Күнгөй-Таш аймагында кармалган. Анын айдап жүргөн Хундай Портер унаасынан 2 тоннадан ашык бадыраң алынган. Жүккө тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Ал жаран жүктү Өзбекстандан кыргыз жерине алып өтүүгө аракет кылган.