Бишкекте Токмок шаарынын тургуну согуш тапанчасы менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 31-март күнү Тоголок Молдо көчөсүнөн 23 жаштагы Токмок шаарынын тургуну кармалган. Анын жанынан 5,6 калибрлүү согуш тапанчасы табылган. Анда ок атуучу куралга тиешелүү эч кандай документтер болгон эмес. Учурда бул боюнча экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.