Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаментиндеги коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаменти менен Мамлекеттик “Инфоком” ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анын негизинде автоматташтырылган маалымат системин ишке киргизүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы аталган ишканага 8 миллион 81 миң сом которгон. Бирок маалымат системи толук иштелип бүткөн эмес. Ошондой эле жасалма жол аркылуу программисттерге эмгек акы катары 1,6 миллион сом негизсиз берилгени аныкталган. Калкты жана жарандык ал-абалды каттоо департаментинин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке 4,5 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.