“Шин-Лайн” ишканасы тарабынан өндүрүлгөн балмуздак экспертизага жөнөтүлдү

“Шин-Лайн” ишканасы тарабынан өндүрүлгөн балмуздак экспертизага жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул факт боюнча чогултулган материалдар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

Айта кетсек, 30-март күнү мамлекеттик телеканалдардын биринен жаңылык чыккан. Анда “Шин-Лайн” ишканасы чыгарган балмуздактардын мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги жана сатылбай калгандарына жаңы дата басылып кайрадан сатыкка чыгарылып жатканы айтылган. Ошондой эле аталган былыктар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддин негизинде ачыкка чыккан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
beka1207
2015-04-01 12:54:43
Калыс текшеришсин анан,ата мекендик ондурушторго кысым жасалбашы шарт
+1
Kairatmyn
2015-04-01 12:57:42
Чоролор аззаматсынар.
+4
Bektur2
2015-04-01 13:37:04
Жашылдан берип койсо таза болуп чыкчы эле. Элдин балдарыбыздын ден соолугун ойлогула
+5
perichte
2015-04-01 13:50:17
Эшектин этинен дайын жооок....,басты-басты болуп калды окшойт....балмуздак бизге кеп бекен!!! Айткан киши куноолуу болуп чыгат коросунор!
+10
bom.bon
2015-04-01 14:51:59
Болушу мумкун?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан