Бишкектеги Музыкалык-педагогикалык колледжди оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн акча каражатын ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестиция, оңдоо жана материалдык камсыздоо департаментинин, “Бам-строй” курулуш ишканасынын жана аталган окуу жайдын кызмат адамдарынын ортосунда келишим түзүлгөн. Мындан улам Музыкалык-педагогикалык колледждин жылуулук системин оңдоо үчүн мамлекеттен 1,3 миллион сом которулган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө болгону 463 миң сомдук иштин аткарылганы белгилүү болгон. Бирок ага карабай жогорудагы кызмат адамдары тарабынан жумуштун толук аткарылып бүткөндүгү боюнча акт түзүлгөн. Анын кесепетинен мамлекетке 845 миң сом зыян келтирилген. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.