Лаал (рубин) асыл ташын өлкө аймагына мыйзамсыз алып киргендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган А.У.С., А.Т.А. жана Ж.Н.Т. аттуу жарандар салмагы 4 килограмм 40 грамм болгон рубин ташын Кытайдан 3 миң долларга сатып алышып, мыйзамсыз түрдө “Манас” бажы постунан Кыргыз Республикасына киргизишкен. Бул боюнча “аткезчилик” жана “кымбат баалуу металлдарды, табигый асыл таштарды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.