Ошто операция жасаганы үчүн пара талап кылган дарыгер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Ош шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Ош шаарындагы Балдар клиникалык ооруканасынын кызматкери операция жасаганы үчүн 6000 сом талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, пара алып жаткан жеринен аталган оорукананын дарыгери кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.