Өзгөндө эки адамдын чөнтөгүнөн акча уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Куршаб айылынын 1951-жылы туулган Т.Т. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 28-март күнү эртең менен мал базардан белгисиз адам күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 49 миң сомун алып кеткенин айткан. Ушундай эле арыз менен Өзгөн районунун дагы бир тургуну кайрылып, чөнтөгүнөн 6 миң сомун алдыртып жибергенин билдирген. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Н.Ж. аттуу жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.