2-апрелде айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана көпчүлүк аймактарда түнкүсүн жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -8°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +8°C, түнкүсүн -3°C
Баткен облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -3°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -5°C
Нарын облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -6°C
Бишкек шаары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -4°C
1-2-апрелде жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.