
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы өлкөдө болуп жаткан спорт жаңылыктарын эң мыкты, туура жана так чагылдырган ММКлар сыйланган. Иш-чара маалымат агенттиктеринин биринде болуп, сыйлыкты ЖКнын депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
Чолпон Султанбекова тапшырган. "Улуттук идеологияны жайылтууну улуттук оюндардан башташыбыз керек" деген Султанбекова спорт жаатында алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы үчүн
SUPER.KG порталынын “Соңку кабарлар” бөлүмүнө баалуу белек ыйгарган.

* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы америкалык CBS телеканалында “Даллас” сериалы көрсөтүлө баштаган. Ал жалпысынан 357 сериядан туруп, аны көрсөтүү 13 жылга созулган. Техастагы бай үй-бүлөнүн жашоо-турмушу жөнүндө баяндаган бул тасманын акыркы сериясы 1991-жылы 3-майда көрсөтүлгөн.

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы 264-Рим Папасы
Иоанн Павел II 85 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Аны менен коштошуу иш-чарасы Ватикандын Ыйык Пётр чоң чиркөөсүндө өткөн. Алгач Иоанн Павелдин сөөгү кипарис табытка салынган. Маркум өзү көз жумарда “сөөгүмдү сыз жерге койгула” дегенине карабай аны жерге берерде кипарис табытты цинк табытка, аны эмен табытка салып, анан жерге беришкен. Ошентип, Рим Папасынын сөөгү 3 табыт ичинде калган. Акыркы сапарга узатуу зыйнатын дүйнө боюнча 150 телеканал түз чагылдырып, аны менен коштошуу үчүн Жер шарынын ар тарабынан 2 миллиондой эл келген. Тартипке 15 миң аскер жана полиция кызматкерлери көз салган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы Кытайда 4 колдуу жана 4 буттуу ымыркай төрөлгөн. Дарыгерлердин айтымында, эгиздер энесинин курсагында эле жакшы өнүкпөй калгандыгынан бири-бирине жабышып калышкан. Ошондой эле алар ымыркайдын тубаса жүрөк кемтиги жана пневмония менен ооруй тургандыгын аныкташкан. Ал эми 15-июнда Кытайдын Гуандун провинциясынын Хойчжоу шаарында ымыркайдын ашыкча мүчөлөрү алынып салынган.