Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өткөн жылы милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 2014-жылдын 3-майында белгисиз үч адам физикалык күч колдонуп, унаасын тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары мурда бир канча жолу соттолгон Б.Б. аттуу жаран кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.