Аба ырайы, 3-апрель: Түнкүсүн өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын күтүлөт

3-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -5°C

Талас облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -6°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн +2°C

Баткен облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн +2°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +8°C, түнкүсүн -6°C

Нарын облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -9°C

Бишкек шаары. Күндүз +10°C, түнкүсүн -3°C

2-апрелден 6-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан