Жылнаама, 3-апрель: Мындан 82 жыл мурун алгачкы жолу адамдын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операция жасалган

* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы орусиялык хирург Юрий Вороной дүйнөдө биринчилерден болуп адамдын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операцияны Украинанын Херсон шаарындагы ооруканада жасаган. Ал 60 жаштагы каза болгон адамдын бөйрөгүн 26 жаштагы айымга салган. 
 
* Мындан 54 жыл мурун, 1961-жылы атактуу америкалык актёр Эдди Мёрфи Нью-Йорк шаарында полиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Эдди 8 жашка чыкканда атасы кызмат учурунда кылмышкерлердин колунан каза таап, баланын андан аркы тагдырын апасы менен өгөй атасы колуна алат. 
Мёрфинин куудулдук жайы мектепте окуп жүргөн кезинен эле жакшы өнүгө баштаган. Мёрфи 15ке чыкканда тамашакөйлүгүнүн аркасы менен көп акча табууга үлгүрөт, башкача айтканда, теледе "Алтынчы күнү кечинде" деген тамашалуу берүүнү алып бара баштайт. Белгилүү боло баштаган Мёрфи алып баруучулук кесипке канааттанбай, өзүн актёрлук жактан да сынап көрүүнү чечип, эң алгач "48 саат" деген киного тартылат. 1982-жылы "Америкага саякат" ("Поездка в Америку") киносу да жогорку билими жок актёрго чоң ийгиликтерди алып келет. Кийин "Акылынан адашкан профессор" ("Чокнутый профессор"), "Доктор Дулити" тасмаларында роль жараткан.
* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы АКШнын Бингемтон шаарынын борборунда 41 жаштагы түштүк вьетнамдык иммигрант Живерли Вонг элге карай ок чыгарган. Ал 48 мүнөттүн ичинде 13 адамды өлтүрүп, 4 кишини жарадар кылган соң өзүн өзү өлтүргөн.
* Мындан 15 жыл мурун, 2000-жылы Вашингтондун федералдык судьясы Томас Жексон "Майкрософт" компаниясын антимонополиялык мыйзамды бузгандыгы үчүн айыптаган. Ошентип, дүйнөнүн эң бай адамы эсептелген америкалык ишкер Билл Гейтс "Майкрософт" компаниясынын акцияларынын түшүшүнөн улам 12 миллиард доллар жоготуп, анын байлыгы секундасына 4,7 миллион долларга азая баштаган.
3-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан