Эртең, 3-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 2010-жылдын апрелиндеги Элдик революцияга арналган “Кыргызстандын кайра жаралуусуна жол ачкан күн” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Көргөзмө эзелтен эркиндикти туу туткан кыргыз элинин 2010-жылдын 7-апрелинде үй-бүлөлүк-кландык башкарууга, коррупцияга баткан бийликке каршы чыгып, эркиндик, адилеттүүлүк үчүн болгон күрөшүнө арналат.
Анын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, ошондой эле Апрель революциясынын катышуучулары катышат. Көргөзмөгө В.Оселедко, И.Коваленко, В.Пирогов, В.Воронин жана Н.Горшкова аттуу белгилүү фотокабарчылардын сүрөттөрү коюлган. Ал 2015-жылдын 15-апрелине чейин созулат.