Кечээ, 2-апрелде Бишкекте батирлердин биринен 69 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ӨКМнын Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары саат 22:12де Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан №4-үйдүн 50-батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Куткаруучулар батирдин ичинен 1946-жылы туулган, батирдин ээси Г.Кормелецкийдин жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.