Ош облусунда көлөмү 70 миң метр куб болгон жер көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2-апрель күнү Өзгөн районундагы пайдаланылбай калган эски Куршаб-Жапалак-Таш унаа жолунун 14-чакырымына жер көчкү түшкөн. Анын көлөмү болжол менен 70 000 метр кубду түзгөн. Учурда акырындап агып түшүп, суунун нугу менен төмөн карай жылууда. Жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушуна зыян келген эмес.