Фергана каналына түшүп кеткен унаанын ичиндеги адамдын жансыз денеси Өзбекстандан табылды

Фергана каналына түшүп кеткен унаанын ичиндеги адамдын жансыз денеси Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-апрель күнү саат 21:30 чамасында Нур-Абад айылында Хонда Жаз унаасы Фергана каналына түшүп кеткен. Эртеси унааны каналдан алып чыгышканда айдоочу жок болгон. Мындан улам издөө иштери башталган. Анын натыйжасында айдоочу Жумабай Тороевдин жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан