Жалал-Абадда Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылы “Кочкор-Ата айыл курулуш” ишканасына Кызыл-Туу айылындагы мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тапшырмасы берилген. Бул үчүн мамлекеттен 12 миллион 850 миң сом бөлүнгөн. Бирок текшерүүдө оңдоп-түзөө үчүн 10 миллион 672 миң сом гана коротулганы аныкталып, калган акчаны Жалал-Абад облусундагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жана аталган ишкананын башчысы ээлеп алышканы белгилүү болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан