Ысык-Ата районунда жергиликтүү тургун 3 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, соттун санкциясына ылайык, 40 жаштагы А.А. аттуу жарандын үйү тинтүүгө алынган. Анын натыйжасында 3 килограмм 600 грамм марихуана табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.