
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы белгилүү коомдук-саясий ишмер
Жусуп Абдрахманов камакка алынган. Анын күндөлүгүндөгү жазууга караганда, Ж.Абдрахманов НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан камакка алынып, ага "контрреволюциячыл троцкисттик уюмда турат" деген күнөө коюлган. Суракка алган тергөөчү Ж.Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Жусуп Абдрахманов НКВДнын кыйноосуна карабастан, кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.

* Мындан 83 жыл мурун, 1932-жылы америкалык биохимик
Чарльз Глен Кинг биринчи жолу С витаминин (аскорбин кислотасын) бөлүп чыккан. С витамини кан айлануу, кыймыл-аракет аппаратын жакшыртып, кан тамырларды бекемдейт, инфекциядан коргоочу таасирге ээ. Анын жетишсиздиги цинга оорусуна алып келип, мурундан кан агып, тиш түшөт, кесилген же жара болгон жерлердин айыгуусу узакка созулат. С витамининин негизги булактары: жашылча-жемиштер, ит мурун, цитрус жемиштери, кара карагат, таттуу калемпир, киви жана башкалар.

* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун ачылышы болгон. Манхэттенде Эмпайр-стейт-билдинг (Empire State Building) курулганча, Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасы Нью-Йорктогу эң бийик имарат болгон. Анын 110 кабаттуу түндүк мунарасы 417 метрди түзүп, төбөсүндөгү антеннасы менен 526,3 метр болгон. Ал эми түштүк мунарасы 415 метрди түзгөн.
2001-жылдын 11-сентябрында террорчулар басып алган эки жүргүнчү учак кош мунараны сүзүп кыйратканда 2800дөй адам набыт болгон.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы Түштүк Вьетнамдын Сайгон шаарына жакын жерде вьетнамдык кароосуз калган балдарды алып бараткан америкалык аскердик жүк ташуучу С-5 Гэлэкси учагы кырсыкка кабылган. 172 киши (көпчүлүгү балдар) каза болгон.