Жылнаама, 5-апрель: Мындан 10 жыл мурун кыргыз өлкөсүнүн туңгуч президенти Аскар Акаев президенттик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган

* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы кыргыз өлкөсүнүн туңгуч президенти Аскар Акаев президенттик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. 
Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган. Ал 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Президенти болуп шайланган. 1991-жылы шайлоо учурунда жана 1994-жылы референдумда президенттик укуктары ырасталган. 1995-жылы 24-декабрда шайлоочулардын 70 пайыздан жогору колдоосуна ээ болуп, экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган. 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында Аскар Акаев кыргыз өлкөсүнөн качып чыгууга аргасыз болгон.
 
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы Ош шаарында ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын Аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Уран Алиев белгисиз кылмышкерлердин огунан каза тапкан. Кылмышкерлер таңкы үчтөр чамасында үйүнүн подъездине кирип бараткан Уран Алиевге жана айдоочусуна ок жаадырышкан. Алиевдин денесине 2, башына 4 ок тийип ошол жерден каза болсо, айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген.
* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль саясий карьерасын жыйынтыктап, 80 жашында өкмөт башчылыгынан кетүүгө арыз жазган. 
Уинстон Черчилль 1874-жылы 30-ноябрда Англиянын Бленхейм ак сарайында туулган. Өтөгөн эмгеги үчүн 1953-жылы 24-апрелде Черчиллге Британиянын канышасы лорд даражасын ыйгарат, ошондон тартып анын ысымына "сэр" деген сый наам кошулуп айтылып калган. 
Саясаттан сырткары Черчиллдин ысымы адабиятта да калган. 1953-жылы 10-декабрда Черчилль адабият тармагындагы "Нобель" сыйлыгына татыган (ага атаандаш көрсөтүлгөн талапкер америкалык жазуучу Эрнест Хемингуэй болгон, бул жазуучу кийинки жылы "Нобель" сыйлыгын алган). 
Журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Англиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагында "Нобель" сыйлыгынын ээси Уинстон Леонард Спенсер Черчилль 1965-жылы 24-январда көз жумган.
5-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан