
* Мындан 103 жыл мурун, 1912-жылы кыргыздын улуу инсаны
Шабдан Жантай уулу 72 жашында дүйнөдөн кайткан. Айрым маалыматтар боюнча, Шабдан баатыр өзүнүн болгон байлыгын жакыр адамдарга таратып, өзү жокчулукта каза болгон.
Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер, Жантай хандын уулу Шабдан 1839-жылы 29-октябрда Чүй өрөөнүндөгү Көк-Жар жайлоосунда туулган. Ал жаштайынан эле саясий турмушка аралашкан. Орус падышалыгына кылган кызматы үчүн Шабдан баатыр сыйлыктарды алып турган. 1883-жылы ал падыша Александр IIIнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы даражасын алып, алтын саат менен сыйланган. 1884-жылы ага жылына берилүүчү пенсия чектелген жана 300 гектар жер берилген. 1909-жылы Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга – Мекеге барган.

* Мындан 197 жыл мурун, 1818-жылы Парижде барон
Шарль де Дрез дүйнөдөгү биринчи велосипедди тартуулаган. Ал жыгачтан жасалган. Алгачкы велосипедде педаль жок болгондуктан, айдоочу аны буту менен түртүп жүргөн. Буга карабай дал ошол унаа азыркы велосипеддин "атасы" деп саналат.

* Мындан 21 жыл мурун, 1994-жылы Руанданын борбору Кигали шаарында өкмөттүн Dassault Falcon 50 учагы атылып түшүрүлгөн. Учакта болгон 10 адамдын баары (тынчтык келишимге жаңы эле кол койгон Руанданын жана Бурундинин президенттери да бар) көз жумган.