Бишкекте ырчы Бураш менен казакстандык “All davai” тобунун шаңга толгон чыгармачылык кечеси өттү

3-апрелде Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде кыргыз эстрада ырчысы Бураш менен казакстандык “All davai” тобу чыгармачылык кечесин тартуулашты. Кечеде кыргыздын ырчы кызы менен казак жигиттеринин аткаруусундагы “История любви” аттуу ырына тартылган клиптин бет ачары болду.

Концертте Бураш “Я не твоя”, “Музыка любви”, “Там где ты, где любовь” аттуу ырларын аткарды. Ал эми коңшу өлкөдөн ат арытып келишкен “All davai” тобунун жигиттери ырларын жандуу үн менен гана аткарбастан, ошого жараша так секире бийлеп биздин шоу өкүлдөрүнө үлгү болчудай эле номерлерди көрсөтүштү. 

Ырчы жигиттер Бишкек менен Алматы шаарларын, кыргыз жана казак кыздарынын окшоштугун баса белгилешип, кыргыз жергесине ар дайым кубаныч менен келишерин айтышты. Алардын өнөрлөрүнө кыргыз ырчылары Омар, Арсен, Анжелика, Максат Бегалиев да күбө болушту. Мындан тышкары кыргыз композиторлору, акындары менен иштешүүгө даяр экендигин билдиришкен жигиттер репертуарындагы Ильяз Абдыразаковго таандык “Бийле”, “Карагат көздөрүң” аттуу ырларын оболотушту. 

Чакан концерттин соңунда Бураш чыгармачылыгын колдоп келген күйөрмандарына, 5 жылдан бери тыгыз кызматташып келаткан “All davai” тобуна ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
raxatka
2015-04-04 06:01:48
Бураштын "Не доступная" деген ырын жакшы коруп угам))
0
guzatkubaanvar
2015-04-04 10:08:45
Алтынбектин концертинен жазсанар болмок. Ушундан коро.
0
nem
2015-04-04 10:20:52
жакшынакай болуп калганго Бураш.озунун аты ким болду экен
0
dasa-kgz
2015-04-04 12:01:38
nem, озунун аты Бурмакан болсо керек ;)
0
uulay
2015-04-04 14:52:08
Ушундай да ырчы барбы? Тааныбайт экенмин. Эмнеси болсо да ийгилик.
0
Boldukan86
2015-04-04 18:14:27
Бодош Мамырованын кызы болуш керек.
0
karona
2015-04-05 04:37:37
Казахстан десе эле
Ильяз
Абдразаков чыкчу болдуго Азаматсын сени менен сыймыктанабыз
0
Nurmiraminkush
2015-04-09 16:33:04
Токтайым Умоталиеванын кызы,М.Бегалиевдин балдызы- Бураш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан