Бишкектеги Фучик көчөсүндөгү милиция кызматкерлери жашаган үйдүн абалы өтө начар. Бул жерде ыңгайлуу шарт жок экенин, 7 үй-бүлө 1 ашкананы колдонорун, алар кезектешип ашкананы тазалап турушарын бүгүн, 4-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман билдирди.
Окурмандын айтымында, ал үй-бүлөсү менен милиция кызматкерлерине берилген жатаканада 7 жылдан бери жашайт. Бул жерде дагы 19 үй-бүлө бар. Молдомуса Конгантиев кызматта турганда бул жатаканага келип, милиция кызматкерлери үчүн үй салынганда ушул жатакананын жашоочуларына үйлөр берилерин айткан. 2010-жылы апрелде ал бийлик кетип, убада аткарылбай калган. Азыркы салынып жаткан үйлөр тийип калабы деп үмүттөнүшкөнү менен, эч бир үй-бүлө документ топтогон жок. Окурман бул жатаканага министр Мелис Турганбаев келип, жашоочулардын ой-пикирин укса дейт. Маалым болгондой, бул жерде 20 жылдан бери жашагандар да бар.Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.