Аба ырайы, 5-апрель: Күндүз күн ачык болот

5-апрелде түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз күн ачык болот. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 1-6 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +18°C, түнкүсүн +6°C

Талас облусу. Күндүз +18°C, түнкүсүн +5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +20°C, түнкүсүн +8°C

Баткен облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +6°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +3°C

Нарын облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -5°C

Бишкек шаары. Күндүз +18°C, түнкүсүн +5°C

Эскертүү!

4-апрелден 6-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Казарман - Ак-Тал-Чат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан