"Чет өлкөлүк жарандарды тоноп жүргөн" деген шек менен кылмыштуу топ "Ош базарынан" колго түшүрүлдү

Бишкекте "уурулук жана тоноочулук менен алектенген" деп шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-январда борбор калаада белгисиз адамдар Пакистандын жарандары жашаган батирге кирип, бычак жана курал менен коркутуп, акча, планшет жана башка кымбат баалуу буюмдарды алып кетишкен. "Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында бул кылмышка шектүүлөр "Ош базарынын" аймагынан кармалышкан. Алар:
- Таласбек уулу Гүлжигит (уюштуруучу) 1995-жылы Талас районунда туулган, Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушунда жашайт; 
- Масалбеков Акбар 1995-жылы Талас районунда туулган, Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушунда жашайт; 
- Усубалиев Азамат 1991-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган, Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушунда жашайт, буга чейин "ээн баштык" беренеси боюнча соттолгон",- деп билдирет мекеме.
Учурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. "Эгер кармалган кылмышка шектүү адамдардан жапа чеккен болсоңор же алар тууралуу маалыматтарды билсеңер, (0312) 26-61-97 номери аркылуу байланышыңыздар",- деген кайрылуу жазылган маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jamilya03
2015-04-04 18:56:40
ойду омкоруп тоону томкоротурган жашынарда халал акча тапсанар болмок бешене тер тогуп
+3
saat1200
2015-04-04 19:30:10
Жакшы иш кылышбаптыр.
0
Ern
2015-04-04 20:03:37
Неңдурайн эшшектер десе мындайларга анан зордуктагандарга катуу чара көрбөсө болбой калды өзү.
+3
st1m_
2015-04-04 20:35:13
Бекер акчага когон да арам тамактар. Ошол акчага нан алып да жешсе керек балекет жегирлер.Кайран жаштык силерге кор болгон.Жашын отуп эч кимге керегин жок, четке сурулуп калганда аттин дейсин да.
+1
Qnet
2015-04-04 20:51:20
Ушул жаштар ушундай жашында эмне деген гана бийиктиктерди багындырышса болот!Эхх жиним эле келет да...Аллахым сактасын акыретте бизди.
0
beka1207
2015-04-04 23:44:07
Qnet, багындырган бийиктиктери ушул бир бечаралардын уйун тоноо болуптур)))))
0
Deesmond
2015-04-04 21:28:41
Акмактар!!!
0
beka1207
2015-04-04 23:42:42
Ыраны сууктар экен,жарыбагырлар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан