Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Макаренко айылында аянты 60 чарчы метр, камыштан курулган сарай күйдү. А.Кенжеев ээлик кылган сарайдагы өрттүн келип чыгуу себептери учурда такталууда.