4-апрелде саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда МАН-464 үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу (мамлекеттик номери В 2046 АК) унаа менен МАН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа (мамлекеттик номери В 30-81 АХ) кагылышып, 2 унаа жана жанында токтоп турган Мерседес-Е 220 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган.
ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя болгон жерге аталган министрликтин №97-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 15:30да өрт толугу менен өчүрүлгөн.