3-апрелден 6-апрелге чейин жааган жаан-чачындарга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Бишкек-Ош, Ала-Бука - Каныш-Кыя, Казарман - Ак-Тал-Чат, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жана Каракол - Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Мындан улам унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек экендигин министрлик эскертет.