Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факт 31-март күнү саат 15:00 чамасында болгон. Анда 1975-жылы туулган жаран мас абалында аталган райондогу турак үйлөрдүн бирине кирип, 2005-жылы туулган кызды зордуктоого аракет кылган. Аны ошол эле жерден жергиликтүү тургундар кармашып, милицияга өткөрүп беришкен. Учурда “зордуктоого аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айта кетсек, ошол күнү кыздын ата-энеси бир жакка кетишип, ал 2002, 2011-жылы туулган бир туугандары менен үйүндө калган.