Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 42 жаштагы Ж.Ж. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 3-апрель күнү белгисиз адам бычак такап, уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Ю.Е. кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.