Ноокат районунда жергиликтүү тургун бир тууган инисин атып алды

Ноокат районунда жергиликтүү тургун бир тууган инисин атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2-апрель күнү болгон. Анда Исанов айыл аймагынын 1976-жылы туулган О.Б. аттуу тургуну ТОЗ-16 мылтыгы менен 1991-жылы туулган Т.А. аттуу бир тууган инисин байкабастан атып алган. Анын кесепетинен Т.А. каза тапкан. Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
baba.
2015-04-06 11:17:17
Кайсы бир жомокто бар беле уулун аткан.жомоктогу окуяны жашообузда коруп калдыкпы.....
0
semakg
2015-04-06 12:59:40
baba., Карагул ботом деген
0
Nur45
2015-04-06 11:57:49
Ошол жакта коп болуп жатат акыркы кундору. А баса Ноокат да Узбекистанга чектеш ко... Баткенде болсо Тажикистан менен чектеш эле. Мелдешип олтурду деп бизге жомок айтты эле го...
0
danyshman
2015-04-06 12:17:25
Nur45, ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_portal
2015-04-06 12:42:51
danyshman - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат. Ар бир колдонуучу порталдын эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу.
0
jamila26
2015-04-06 12:27:53
Жаман иш болуптур! Арты кайрылуу болсун.
0
mikinookat
2015-04-06 13:35:11
эч качан ,эч качан ичинде огу барбы жокпу адамга карап мээлебеш керек ,,,, кокустук
0
nurik2103
2015-04-06 14:42:10
Атып алдыбы же атып салдыбы
-1
temirov76
2015-04-07 08:00:12
Атып эле алгандыр,АЛЛАХ сактасын эч качан ок атуучу курал менен тамашалашып ойнобоо керек,огу жок болсо да адамга каратып меелебеш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан