Аламүдүн районунда 63 жаштагы тургунга бычак такап, уюлдук телефонун тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 63 жаштагы Ч.Г. аттуу жаран кайрылган. Анда ал 2-апрель күнү Валера аттуу чала тааныш адам бычак такап коркутуп, уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 42 жаштагы Б.В. кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.